• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөр киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул токтом виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүгө дем берүү жана инвесторлордун укуктарын/кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

Экономикага инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, виртуалдык активдерди жүгүртүү жаатындагы мыйзамдардагы так эместиктерди жана боштуктарды оңдоо, инвесторлордун укуктарын/кызыкчылыктарын коргоо, арам акчаны адалдоодо жана терроризмди каржылоодо виртуалдык активдерди колдонуунун алдын алуу маселелерин жөнгө салуу, виртуалдык активдер рыногун андан ары өнүктүрүүгө дем берүү, экономикага инвестициялардын агып кириши үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, виртуалдык активдерди жүгүртүү жаатындагы мыйзамдардагы так эместиктерди жана боштуктарды түзөтүүгө, инвесторлордун укуктарын/кызыкчылыктарын коргоого, арам акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого виртуалдык активдердин колдонулушун болтурбоо маселелерин жөнгө салууга, виртуалдык активдердин рыногунун андан ары өнүгүшүнө дем берүүгө багытталган.

Негизги өзгөрүүлөргө виртуалдык активдерди сатуу операторлоруна карата талаптардын жогорулашы, виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун ишмердүүлүгүндөгү жаңыртуулар, виртуалдык активдердин эмиссиясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөр, ошондой эле майнинг иштерин жүргүзүү үчүн күбөлүктөрдү каттоо жана берүү тартибине өзгөртүүлөр кирет.

Пикир

Оставить комментарий