Виртуалдык бейтапты дарылоо мүмкүнбү? Бишкектеги жаңы ачылган борбордун өзгөчөлүгү менен тааныштырабыз

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун жаңы имараты 5 кабаттан турат. 1-кабатта компьютердик тестирлөө борбору жайгашкан. Мында бир эле убакта тест тапшырууга студенттерден баштап ординаторлорго чейин 500дөй киши батат.

Экинчи кабатка көтөрүлгөндө мультидисциплинардык стимуляциялык борбор орун алганын көрүүгө болот. Анда студенттер бейтапка ийне саюудан тартып хирургиялык операциялар учурунда жаракатты тигүүгө чейинки көндүмдөрдү үйрөнүшөт.

Ал эми үчүнчү кабаттагы клиникалык симуляциялык борбор заманбап медициналык технологиялар менен жабдылганы үчүн өзгөчөлөнүп турат. Виртуалдык лаборатория, виртуалдык бейтап, окуу-кароо бөлмөсү, лапароскопиялык хирургия, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, УДИ, гинекология, операция, неонатология, жандандыруу, шокко каршы жана төрөт бөлмөлөрү жаш адистердин жана дарыгерлердин билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү түзмөкчү. Маселен, бул эндоскоп аппаратынын жардамы менен ички органдарды текшерип, андагы ооруларды аныктап, дарыласа болот.

Ошондой эле эндоскопиялык симулятор гинекологиялык жана урологиялык ооруларды изилдеп, операцияларды жасоону жеңилдетет.

Окуу-кароо бөлмөсүндө Үй-бүлөлүк медицина борборундагы бейтаптарды кароо методдору үйрөтүлөт. ЭКГ аппаратына тартып, адамдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жүрөктүн согушу, нормада жана патологияда кандай экенин билип алууга болот.

Дагы бир мындагы жаңычылдык катары виртуалдык бейтапты дарылоо киргизилгендигин айта кетүү керек. Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун башкы адиси Райкүл Турдуналиева студенттерге сабактар өтүлгөндө ооруканаларда ошол темага ылайык келген бейтаптар болбой калышы ыктымал экендигин айтат. Мындан улам бул лед-экранда ар бир оору боюнча виртуалдык бейтаптар киргизилген.

“Клиникалык предметтер башталганда 3-курстун студенттеринен баштап ординаторлор, интерналар келип, мындагы ар кандай тапшырмаларды аткарышат. Экран аркылуу бейтапты ордунан жылдырып карай алабыз. Андан тышкары суроо бере алабыз. Абалына мониторинг жүргүзүп, физикалык кароо жүргүзөбүз. Анализ алып, дарылоосун баштайбыз. Эгер студент туура эмес дарылоого өтсө, дароо жообу чыгып, кайра иштөө мүмкүнчүлүгү берилет. Ошону менен адистер сабакты угуп эле кетип калбай, өз катачылыгынын үстүндө иштөөнү үйрөнүшөт. Аягындагы экзаменде канча балл топтогону чыгат”, - деди ал.

Ошондой эле медицина илимдеринин кандидаты, кардиохирург Амирбек Мидиновдун айтымында, жүрөк ооруларындагы жана жүрөк хирургиясындагы этаптар боюнча студенттерге, дарыгерлерге тапшырмалар да берилет.

“Бейтапты кардиограммага тартканда, кандай өзгөрүүлөр болгонун талдайбыз. Жагдайларга жараша студенттер көрүп, практикалык көндүмдөрдү үйрөнө алышат. Ага удаа эле студенттер хирургиялык практиканы кошо алып кетет. Жүрөккө кандай операциялар жасаларын, жасалма кан айландыруу ыкмаларын үйрөтөбүз. Медициналык жабдуулардын жардамы менен клапандарга, кан тамырларга жасала турган операцияларды көргөзө алабыз. Операцияга чейинки даярдыктан баштап, жыйынтыктоого чейинки этаптар боюнча кеңири маалымат беребиз”, - деп белгиледи дарыгер.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун директорунун орун басары Азима Жайлообаева белгилегендей, мында бир гана студенттер, ординаторлор жана дарыгерлер эле окутулбастан, ИИМде, ӨКМде иштеген кызматкерлер да шашылыш учурларда адамдарга кандай биринчи жардам көрсөтүү керектиги боюнча курстардан өтүшөт.

“Окутуу жана билимди жогорулатуу курстарында коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт. 4-5-кабаттагы кафедралардан көрдүңүздөр, анда компьютерлер жана видеобайкоо камералары орнотулган. Ал жакта экзаменатор менен экзамен берүүчүнүн ортосунда эч кандай байланыш болбойт. Бардыгы компьютер аркылуу көзөмөлдөнүп турат”, - деди ал.

Азима Жайлообаева кошумчалагандай, Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борбору буга чейин КММАнын жатаканасынын 1-кабатында жайгашкан. Жер төлөсү менен салынган жаңы имарат 2022-жылдын январь айында курула баштаган. Эки жылда тургузулган борборго КММАнын өзүнүн каражаты жумшалды. Курулушка 250 млн сом, ал эми имаратты жабдууга 100 млн сом сарпталды.

Ошондой эле алдыда жер төлөгө виртуалдык лабораторияларды, тез жардам унаасын орнотуу пландалып жатканы, заманбап технологиялар менен камсыздоо иштерин улантылары белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий