• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Жакынкы 14 күндө Кыргызстанда COVID-19дун жогорку көрсөткүчү катталат

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы 14 күндө Кыргызстанда COVID-19дун жогорку көрсөткүчү катталат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр азыркы көрсөткүчтөрдөн 8-9 эсе көп болушу мүмкүн.

“Биринчи пандемия учурунда 2020-жылы апрель-майда карантин киргиздик, оору жугузгандар кескин азайган. Математикалык ыкма боюнча ошол учурда майда күнүнө 4 миңден 16 миңге чейин оору аныкталышы мүмкүн деген божомол болгон. Ошентип, карантин өз натыйжасын көрсөттү. Андан кийин жай бою элдер иш-чараларды өткөрбөй, бет кап тагынып, колун жууп, санитардык нормаларды сактап атышып оору азайган. Азыр биз жарандар санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын байкап жатабыз”,-деди Нурматов.

Нурматов жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди – колду жууп туруу, бет кап тагынуу, коомдук иш-чараларга катышпоо, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий