• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Вице-мэр Бишкекке келчү кытай автобустарынын эмне үчүн кечигип жаткандыгын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Кытай автобустарынын биринчи партиясы Бишкекке жакынкы күндөрү келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында борбордун вице-мэри Мирлан Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, автобустар Казакстанда келе жатат. Алардын жеткирилүүсү китай компаниясы тарабынан камсыздалат.

“Биз 120 автобус алып келүү боюнча Zhongtong компаниясы менен 1 млрд сомго келишим түзгөнбүз. Биринчи партиясы жакынкы күндөрү Бишкекке келет. Алар жолдо келе жатат. Компания автобустарды биздин муниципалдык ишканага чейин жеткирип берет. Биз автобустар декабрдын аягына чейин келип калат деп ойлоп жатабыз. Алар азыр Казакстанда”, - деп билдирди Байгончоков.

Эске салсак, күзүндө мэрия шаардык бюджеттен 1 млрд сомго кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан 120 автобус сатып алган. Алар декабрдын ортосуна чейин келери айтылган.

Пикир

Оставить комментарий