Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Ленин районундагы билим берүү мекемелерин кыдырды, мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-мэр райондогу 30 мектепке барып, алардын жаңы окуу жылына канчалык даяр экенин текшерди. «Бардык мектептерде иштер толугу менен аткарылган. Мекемелер мектеп окуучуларын кабыл алууга даяр»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда мектептердин айлана-тегереги ирээтке келтирилип, жол чийиндери жаңыланууда.
Пикир
Оставить комментарий