Вице-премьер Өмүрбекова Дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акцияга катышты

Коом 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акцияга катышты.

«Ушул сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акциялар жыл сайын дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өткөрүлөт. Аладын негизги максаты – адамдарга спортко, сергек жашоо образына карай болгон мамилени сиңирүү. Ар бир адам ден соолукка умтулат. Бүгүн биз жалпыңыздарды жеке жана жакындарыңыздардын ден-соолугуңуздар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга чакырабыз. Биздин республикабыз дүйнөлүк ааламдашуу процессине ыкчам кошулууда жана заманбап жогорку технологиялар жашоо-шартыбызды жеңилдетти. Буга катар адамдар аз кыймылдап, жогорку калориялуу тамак-ашка ык ала баштады, мунун өзү көптөгөн оору-сыркоолордун келип чыгуусуна шарт түзүүдө. Оорулар жыл өткөн сайын «жашарууда», ошондой эле майыптыктын күч алуусу келип чыгууда. Сергек жашоо образын жайылтуу жна аны кармануу аркылуу бул факторлордун алдын алууга болот», — деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2030-жылга чейинки Калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн мамлекет» программасы бекитилген. Программа көрсөтүлгөн мезгилге дейре ар бир жаран, үй-бүлө жана жалпы коомчулук сергек жашоо образын карманып, ден соолукту чыңдоого умтулуп, саламаттык сактоону башкаруу тутумуна камтылышына багытталган.

«Ар бир адам өз ден соолугуна зор салым кошо алат. Ар бирибиз өзүбүздөн баштап, күндөлүк режимибизге иштиктүү жолугушуулардан тышкары физтикалык көнүгүүлөрдү, велосипедде жүрүүнү, бассейнге барууну жана башка активдүү кыймыл-аракетти киргизүүбүз абзел», — деди ал.

Сөзүнүн жыйынтыгында вице-премьер-министр мындай акциялар арбын уюштурулуп, жарандарыбыздын жашоосунун бир бөлүгү болуп калуусуна тилектешигин билдирип, мекендештерге чың ден соолук жана бакубаттуулукту каалады.

Иш-чара алкагында жалпы дене тарбиялык көнүгүү жасалып, айкидо, тхэквондо, көркөм гимнастика жана спорттук атлетика боюнча оюн көрсөтүлдү, мындан тышкары армрестлинг жана спорттук нормативдер боюнча таймаштар өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий