• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Вице-премьер Жеңиш Разаков Москвада ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек. 30.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдиги (ЕЭАБ) өлкөлөрүнүн вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусундагы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Кеңештин жыйынынын күн тартибинде интеграцияны, өнөр жайды өнүктүрүү, соода чөйрөсүндө кызматташуу жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, ЕАЭБ регламентине техникалык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле ЕАЭБ жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери каралды.

Кеңештин жыйынында бир катар маанилүү келишимдер талкууланды. Анын ичинде ЕЭАБ мүчө-мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө Келишимдин долбоору каралды, ал эмгектенгендердин пенсиялык укуктарын ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей шарттарда түзүү, сактоо жана ишке ашыруу, эмгектенгендерге пенсия чегерүү жана экспорттоого байланыштуу маселелерди чечүү, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары жөнүндө Келишимдин долбоору талкууланды.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосундагы ташып кирүү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери тууралуу маселени талкуулашты, ал 2020-жылдын 1-январынан баштап колдонулат, себеби аталган маселе Жогорку Евразия экономикалык кеңешине кароого 2019-жылдын майында киргизилет.

Талкуунун негизги темаларынын бири катары «Өнөр жай кооперациясы, субконтрактациялык жана технологиялар трансфери Евразиялык түйүнү» долбоорун ишке ашыруу, Биримдиктин алкагындагы келечектүү интеграциялык долбоорлор жана евразиялык интеграциялык долбоорлорду башкаруу механизмдери, сооданын санариптик экотутумун өнүктүрүү шарттарын түзүү, ошондой эле 2019-жылы «Евразия жумалыгы» көргөзмө форумун өткөрүү маселелери саналды.

«Евразия жумалыгы» Төртүнчү Эл аралык форуму 2019-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий