Казакстан тараптан виза алуу үчүн кыргыз жарандарынын киришине уруксат берүү маселесин чечип берүү суралды

Саясат 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-июнунда кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Р.С.Жошыбаев менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы чектөөлөрдүн алкагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы иш-чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын чек араларын кесип өтүү маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, А.Мадмаров чет мамлекеттерге барууга виза алуу үчүн Нурсултан жана Алматы шаарларына бара жаткан Кыргызстандын жарандарынын кирүүсү үчүн Казакстан Республикасынын компетенттүү органдарынан уруксат алууга көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Бул маселе учурда, айрыкча Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окуу башталган мезгилде актуалдуу жана маанилүү болоорун белгиледи.

Белгиленген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - Тышкы иштер министри М.Тлеубердинин атына даректелген кайрылуу каты да тапшырылды.

Элчи Р.Жошыбаев Казакстан Республикасынын аймагына кирүү чечими атайын түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынарын маалымдады. Ушуну менен бирге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сунуштарын колдой тургандыгын, ошондой эле комиссиянын кезектеги жыйынында кароо үчүн кыргыз тарабынын кайрылуусун берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы иш-чараларга байланыштуу чектөөлөрдүн алкагында жарандардын өз ара сапарларын ишке ашыруу маселелерин биргеликте чечүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий