• 88.68
  • 95
  • 0.95

Владимир Путин Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Пикир

Оставить комментарий