Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Ош шаарында волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионаты 25-январда башталат. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Жаңы сезондо оюндар жогорку жана улуттук лигага бөлүштүрүлгөн. Жогорку лигада 12 команда оюн өткөрөт. Командалар А жана Б тайпасына бөлүштүрүлгөн.
Жогорку лиганын биринчи туру 25-31-январда Ош шаарында өтөт. Үч турдан кийин жогорку лигадагы мыкты эки команда кийинки сезондо улуттук лигада ойноого мүмкүнчүлүк алышат.
Жогорку лиганын А тайпасында "Салам-Алик" (Бишкек), "Университет" (Ош), "Энергетик" (Кара-Куль), "Ала-Бука", "Кадамжай", "Чаткал" болсо, Б тайпасында "Теңир-Тоо" (Нарын), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин "Билим" командасы, "Сары Өзөн" (Чүй облусу), "БАПА Барскоон" (Ысык-Көл облусу), "Ош", "Динамо" (Жалал-Абад облусу) бар.
Биринчи турдагы оюндардын жүгүртмөсү:
25-январь
9:00 "Университет" – "Кадамжай"
10:30 "Энергетик" – "Ала-Бука"
12:00 "Салам-Алик" – "Чаткал"
13:30 "Теңир-Тоо" – "Динамо"
15:30 "Билим" – "Ош"
17:00 "Сары-Өзөн" – "БАПА Барскоон"
26-январь
9:00 "Ош" – "Теңир-Тоо"
10:30 "Динамо" – "БАПА Барскоон"
12:00 "Билим" – "Сары-Өзөн"
13:30 "Кадамжай" – "Салам-Алик"
15:00 "Чаткал" – "Ала-Бука"
16:30 "Университет" – "Энергетик"
27-январь
9:00 "Салам-Алик" – "Ала-Бука"
10:30 "Кадамжай" – "Энергетик"
12:00 "Университет" – "Чаткал"
13:30 "Ош" – "Сары-өзөн"
15:00 "Динамо" – "Билим"
16:30 "Теңир-Тоо" – "БАПА Барскоон"
28-январь
9:00 "БАПА Барскоон" – "Билим"
10:30 "Теңир-Тоо" – "Сары-Өзөн"
12:00 "Ош" – "Динамо"
13:30 "Салам-Алик" – "Энергетик"
15:00 "Кадамжай" – "Чаткал"
16:30 "Ала-Бука" – "Университет"
29-январь
9:00 "Энергетик" – "Чаткал"
10:30 "Салам-Алик" – "Университет"
12:00 "Ала-Бука" – "Кадамжай"
13:30 "Сары-Өзөн" – "Динамо"
15:00 "БАПА Барскоон" – "Ош"
16:30 "Теңир-Тоо" – "Билим"
Пикир
Оставить комментарий