• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионатына (CAVA) катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 18-24-октябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышат.

Курама команданын тизмеси:

  • Кутманбек Абатаров (коргоочу);
  • Бектурсун Сатылганов (байланыштыруучу);
  • Нурислам Медетбек уулу (борбордук тосмочу);
  • Нурмухамед Токтоев (чабуулчу);
  • Оңолбек Каныбек уулу (диагонал чабуулчу);
  • Ильяз Абдимомун уулу (чабуулчу);
  • Өмүрбек Жунус уулу (чабуулчу);
  • Жамалидин Мусаев (байланыштыруучу);
  • Арген Жаркынбаев (борбордук тосмочу);
  • Жантемир Жээнбек уулу (чабуулчу);
  • Толкунбек Кочконбаев (диагонал чабуулчу);
  • Исламбек Татыкулов (VIS).

Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий