• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Волейбол чемпионаты: Улуттук лиганын биринчи турунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Волейбол боюнча эркектер арасында Кыргызстандын чемпионатынын улуттук лигасынын биринчи туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Мелдештин биринчи туру 25-31-январда Ош шаарында өттү.

Улуттук лиганын биринчи турунда 8 команда күч сынашты. Алар "EREM", "Жаңы муун", "Отор", "Сулайман-Тоо", "Улар", "Ош Бажы", "Аксы", "Бүркүт" командалары.

Жарыштын жыйынтыгында бардык оюндарды жеңген "EREM" командасы биринчи орунга илинди. Экинчи орунга "Жаңы муун" жана "Отор" командалары жайгашты.

Улуттук лиганын экинчи туру 2-8-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий