• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Эми WhatsApp'да өчүрүлгөн билдирүүлөрдү калыбына келтирсе болот

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. WhatsApp тиркемесиндеги өчүп калган билдирүүлөрдү резервдик көчүрүү аркылуу кайра калыбына келтирүү ыкмасы табылды. Бул тууралуу Daily Mirror гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, өчүп калган маалыматтарды кайра окуу үчүн программаны өчүрүп, анан аны кайра гаджетке жүктөө керек. Ошондон кийин резервдик көчүрүлмөдөн архив кайра калыбына келтирилип, өчүп калган маалыматтар калыбына келет.

Ошол эле кезде, телефонду өчүрүп-күйгүзүү учурунда жиберилген билдирүүлөрдү кайра калыбына келтирүүгө болбойт.

Автоматтык түрдө резервдик көчүрүү суткасына бир жолу жүргүзүлөт.

Эске салсак, WhatsApp тиркемеси аркылуу жиберилген билдирүүнү бир саатын ичинде өчүрсө болот.

Буга чейин WhatsАpp мессенжери бир катты бештен ашык кишиге же топко жөнөтүүгө тыюу салды. Мындай чектөө менен компания фейк (такталбаган, калп) маалыматтарды таратпоого аракет кылууда.

Пикир

Оставить комментарий