• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

World Top Model сынагындагы Сусанна Егоряндын чындыгы

Коом 0

Кыргызстандык модель Сусанна Егоряндын Ливанда өткөн World Top Model сынагында эмне үчүн адеп Кыргызстан, андан соң Армениянын аты менен чыкканы тууралуу чуулган боюнча телеалып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова сынактын директору Эли Нахас (Elie Nahas) жана учурда Ереванда туугандарында жүргөн Сусаннанын өзү менен байланышкан.

- Сусанна! Ливандагы сынакка кандайча катышып калдың?

- "Кыргызстан сулуусу" сынагына катышкан соң, мен Египетте өтө турган сынакка катыша турган болдум. Таттыбүбү Самиддин кызы ушул тууралуу айтып жатат. Бирок анда 1500 еврого лицензияны талап кылышты. Биз бир тууганым экөөбүз башка сынак издеп, ушуну таптык.

- Канча өлкө, канча катышуучу болду?

- 50 өлкөдөн 50 катышуучу.

- Бул кандай сынак болду?

- Сынак баскычтар менен өтүп, ар бир баскычтын жыйынтыгы боюнча катышуучулар чыгып жатышты.

- Финалга кандай натыйжа менен келдиң?

- Мен "Вице - мисс World Top Model-2017" наамын алдым.

- Келечек максаттарың?

- Мындан ары дүйнөлүк сынактарда жеңип, жаңы сыйлыктарга жана наамдарга жетишүү.

- Эми коомчулукту кызыткан эң башкы нерсе тууралуу. Сен Кыргызстандын атынан барып, кийинчерээк Армениянын аты жазылган тасма менен чыктың?

- Соцтармактардын колдонуучулары айткандай, “Мекениме чыккынчылык кылуу” оюмда да болгон эмес. Мен титулдук улуттун өкүлү болбогондуктан, сынактын уюштуруучулары армяндар жашаган өлкөнүн атынан чыгууну суранышты. Бул сынактын шарты болуп – мен эки тасма менен чыктым.

- Бул коомчулуктун бүйүрүн кызытты...

- Сиз билесиз да, кээде адамдарга сүттүн түсү ак экенин далилдөө керек. Мен эч кандай шартта эч кимди, болгондо да өз өлкөмдү саткан жокмун. Эмнеге мынчалык чуу чыкканын билбейм.

- Сенин оюңча, сени чыккынчы катары көрсөтүп, мынча чуу чыгарууга кимдер кызыкдар болушу мүмкүн?

- Эч нерсеге жетишпеген кыздар. Ушундай ыпластыктан мен катуу таң калым. Ар бир экинчи мен тууралуу эч нерсе билбесе да жаман ойлорун жазып жатышты. Башкы титулдардын бирин алууга жетишилгенине кубангандын ордуна. Бул аялдардын көрөалбастыгы.

- Бул окуя сенин каалооңду кетирип койгон жокпу? Мындай сынактар өтө эле субъективдүү деп эсептебейсиңби?

- Жок, буга эч капа болгон жокмун. Бул иште мындай негативге дайыма даяр болуу керек. Мындан ары да катышып, модель катары кесипкөйлүгүмдү далилдей бермекчимин.

Сусанна Егоряндын сөздөрүн ырастоо максатында Молдокматова сынактын директору Elie Nahas менен байланышкан. Ал жагдайды мындай түшүндүргөн:

- World Top Model-2017 сынагында Сусанна Егорян кайсы өлкөнүн атынан катышкан?

- Ал Кыргызстандын атынан катышып, вице-мисс титулун жеңип алган. Акыркы турда биз катышуучулар кайсы улутка таандык болушса, ошол өлкөнүн атындагы тасманы тагынып чыгууну сурандык. Бул биздин шарт болду. Бардыгы муну туура кабыл алышты. Сусанна өзүн мыкты модель жана жакшы адам катары көрсөтө алды. Кыргызстанда ал келбети боюнча азиат эмес экенин жана калыстар катышуучунун тарыхый мекенин түшүнүүсү керек болгонун түшүнүшөт деп ишенем. Ал сынакка чейин Кыргызстандын атынан татыктуу чыкты, муну менен сыймыктанууга болот!

- Жооп бергениңизге рахмат! Ишиңизде ийгилик болсун!

Маектешкен Ассоль Молдокматова

Пикир

Оставить комментарий