Xing Long Синьцзян корпорациясы Кыргызстанда индустриалдык парк курууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Кытайдын Xing Long Синьцзян корпорациясы Кыргызстанда индустриалдык парк курууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган корпорациянын делегациясы экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен жолугушууда билдиришти.

Экономика министрлигинен маалымдашкандай, ошондой эле кытай тарап бул парктын курулушу инвестицияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого жана эки өлкөнүн ортосундагы инновацияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Назарбек Малаев кыргыз тарап индустриалдык паркты курууну кубаттай турганын жана аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн Кыргызстандын аймагында биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумдун максаты Кыргызстанда индустриалдык парк жана эки өлкөнүн аймактарында бонд-кампаларын түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий