• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата илимий-практикалык конференция өтөт

Маданият 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияКР Президентинин Жарлыгына ылайык, 2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, Эл аралык эне тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил жана адабият: ыйман, адеп жана маданияттын табыгый булагы” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Конференция 21-февралда саат 10.00дөЖ.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залында өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комисссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияда пленардык жыйын жана төмөнкүдөй секциялар иштейт:

1-секция. Мамлекеттик тилди окутуу аркылуужаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо

2-секция. Адабият адептүүлүктүн, ыймандын жана маданияттын өзөктүү каражаты

3-секция. Терминология жана котормонун түйүндүү маселелери

4-секция. Көп тилдүү билим берүүнүн көйгөйлүү маселелери жана келечеги

Конференцияга макалалар 2017-жылдын 17-февралына чейин nurzada671@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий