• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ыкчам штаб: Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу кооптуу жагдай жарандарды сак болууга милдеттендирет

Өкмөт 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Республиканын калкы негиздүү себептерсиз ары-бери жүрүүлөрдү токтотууга тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 30-мартка карата коронавирус инфекциясын жаңы жуктурган 10 учур аныкталды. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунан чыккан. Жалпысынан өлкө боюнча 94 учур катталган.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекеттин күчү жетет, бирок бардык сунуштамаларды жана чектөөлөрдү, тартипти жана жоопкерчиликти тыкыр сактоо зарыл.

Республикалык штаб кыргызстандыктарды социалдык изоляцияга жана жакындары менен туугандары үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген аймактарда калк көчөлөрдө ээн-эркин жүрүүнү улантышууда. Бул инфекциянын жайылышын шарттаган көйгөйлүү маселелердин бири. Бардык чектөөлөрдү аткаруу кажет. Биз баштагыдай эркин сүйлөшүп, ар түрдүү жерлерге каалагандай барып жүрө албайбыз. Учурда социалдык изоляция жана үй карантини маанилүү. Калктын аярлуу катмарларынын абалы да олуттуу маселе болуп саналат. Нанды күнүмдүк эмгеги менен иштеп тапкан жарандар бүгүнкү күнү үйдө отурууга мажбур, азык-түлүгү түгөнүүдө. Мындай категориядагы жарандар үчүн социалдык жардам көрсөтүлөт, ун берилет. Өкмөттүн антикризистик планы иштелип чыкты. Медицина кызматкерлери зарыл болгон бардык нерселер, кошумча төлөмдөр, унаа, уруксат, тамак-аш, атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат. Дары-дармектер, тест системалар бар», - деди Кубатбек Боронов.

Жыйында белгиленгендей, борбор калаанын комендатурасынын ишин, өткөрмө кагаздарды берүүнү иреттештирүү маанилүү. Шаарда күндүзгү күзөт күчөтүлдү. Үй карантинин сактоо жана коронавирустун жайылуусуна байланыштуу башка маселелерди кармануу боюнча киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандардын жоопкерчилик чаралары күчөтүлөт.

Зарыл дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоо маселелерине зор көңүл бурулду. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окуянын ар түрдүү өнүгүшүнө даяр турууга тийиш.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандарга дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды.

Бул аптада бардык эл аралык, анын ичинде Россия Федерациясынан келүүчү каттамдар токтотулду.

Ыкчам штаб баса көрсөткөндөй, коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсептерге түшкөн жана түшүп жаткан бардык акча каражаттары ачык-айкын бөлүштүрүлөт. www.help.covid.kg онлайн ресурсунда түшкөн каражаттардын көлөмү, аларды жумшоо багыттары реалдуу режимде көрсөтүлүп турат. Мындан тышкары сайтка келип жаткан гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, товарлар, дары-дармектер, жабдуулар тууралуу маалымат жайгаштырылмакчы.

Биринчи вице-премьер-министр бюджеттик уюмдарда өзгөчө керек болгон гана кызматкерлерди иштетип, калгандарын үйүнө кое берүү зарылдыгын кайрадан эскертти. Жеке түзүмдөр үчүн дагы ушундай эле сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий