Ыктыярчылар балдар үйүнө белек тартуулашты

Коом 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин ыктыярчылары кайрымдуулук акциясын уюштуруп, анын алкагында Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки аралыкта жайгашкан 8 балдар үйүнө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине акциянын уюштуруучусу Данияр Кадыркулов билдирди.

Кайрымдуулук акциясы 12-августта Бишкекте башталган. Акциянын уюштуруучулары “Streetline”автоклубу, ММА федерациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.

“Акция эки күнгө созулган. Маршруту Бишкектен чыгып андан соң Ысык-Көлгө чейин уланган. Жолду катар биз балдар үйлөрүнө токтоп, балдарга белектерди берип жаттык. Белектерди демөөрчүлөрдүн жардамы менен алганбыз. Жалпысынан 8 балдар үйүнө токтодук. Кийинки жылы мындан дагы көп балдар үйүнө барууну пландап жатабыз”,-деди Кадыркулов.

Уюштуруучулар бир ай боюу өлкөдөгү компаниялар менен байланышып, аларга жардам берүү боюнча кайрылууларды жөнөтүп турушкан. Чогулган каражатка алар мектеп формаларын, окуу куралдарын, оюнчуктарды, таттууларды жана башка керектүү буюмдарды сатып алышкан.

Пикир

Оставить комментарий