Ыктыярчылардын аракети: Өткөн жума ичинде аткарган жумуштары

Аналитика 0

Ыктыярчылар жигердүү иш алып барууда. Алар муктаждарга акча каражат чогултууда жана дарыгер, милиция кызматкерлерине, жарандарга ар кандай жардам көрсөтүүдө. Мындай оор кырдаалда бири-бирибизге жардам берүү эң туура чечим. Ыктыярчылар кандай кыйынчылыктар менен туш болушканын жана алардын аткарган иштери туурасында ыктыярчы, активист жана коомдук бирикменин лидери Нуриля Чолпонбаева айтып берди.

- Өткөн жума кандай өттү?

- Жума тынч өттү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны азаюуда. Бирок жарандар дагы деле жардам сурап кайрылышууда. Учурда бейтаптарды республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы жана №6 оорукана кабыл алууда. Ыктыярчыларга тургундардан оорулууларды ооруканага жаткыруу жана бейтаптарды ташуу боюнча кайрылуулар түшүүдө. Поликлиникалар дагы деле дене табы жогору болгондорду кабыл албай жатат. Ыктыярчылар бейтаптарды ооруканага жаткыруу же дары-дармектер менен камсыздоо боюнча иштерди аткарууда.

- Ыктыярчылардын иш-аракеттери жалпысынан кандай жүрүүдө?

- Ыктыярчылар тарабынан Ысык-Көлдөгү ооруканага жаңы тез жардам унаасы сатылып алынгандыгын угуп биз кубандык. Бул акциянын демилгечилери - Ысык-Көлгө жардам берүү долбоорунун ыктыярчылары. Алар акча чогултушуп, унаа сатып алышкан. Бул ыктыярчылар үчүн өтө чоң жетишкендик. Демилгечилерди ушул жетишкендиги менен куттуктайм.

Биз калктын аярлуу катмарына жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүүнү улантып жатабыз. "Жакшылыктын колдору" коомдук бирикмеси жана Кызыл жарым ай уюму менен биргеликте биз муктаж болгондорго анын катарында балдар үйү, Молдовановка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам бергенбиз.

- Стационарларда абал кандай болууда?

- Стационарлар жабык. Акыркы жолу КММАдагы стационар жабылган. Октябрь айында болжолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкуну боло турган болсо стационарлар кайра ишке кирет.

- Учурда ыктыярчылар негизинен эмне менен алек болууда?

- Жалпысынан ыктыярчылардын иш-аракети мурунку калыбына кайтып келүүдө. Ар ким өз багыты боюнча иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 8-10-сентябрь күндөрү коронавирус жана жарандык коом маселелери боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык конференциясы болот. Сессиялардын биринде Кыргызстандын өкүлдөр да катышат, алардын арасында мен дагы бармын. Анда ыктыярчылар коронавирус тараган учурундагы аткарган иштери туурасында сөз кылышат.

- Кандайдыр бир иш-чаралар болдубу?

- Биз өзүбүздүн долбоорубуздун үстүнөн иштеп жатабыз. Ким жана кандай жардамга муктаж экендиги жөнүндө маалыматтарды жарыялайбыз. "Best Муун" уюму менен биргеликте Маловодное айылындагы балдар үйүнө бардык. Балдарды 1-сентябрга даярдадык. Негизинен, ар бир жардам көрсөткөн уюм өзүнүн баштапкы ишине кайтууда. Бирок коронавирус күчөп турган учурда дагы биз буга чейин жардам берип жаткандардан алыстаган жокпуз.

- Жума ичинде жагымдуу окуялар болдубу?

- Чындыгында жарандык аң-сезимдин өтө бийин көрсөткүчүн көрсөттүк. Биз адамдарга жардам берүүдө бирдиктүү, күчтүү бойдон калууну абдан каалайт элем. Эң негизгиси кызматташууну унутпашыбыз керек. Маселен, Ысык-Көлдөгү эс алуу үйү эки күнгө 80 ыктыярчыны чакырды. Ыктыярчылар бир гана эс алышпастан башка уюмдардын ыктыярчылары менен таанышып, баарлашууга мүмкүнчүлүк болду.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий