• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева-Кабар/. "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Анда өнөр жай, тоо-кен, курулуш жана жерлерди трансформациялоо тармактарына тиешелүү 10дон ашык маселе каралды.

Жыйында “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки тазаланган өлчөнгөн куймаларды сатууга байланышкан маселелерди чечүү чечими кабыл алынды. Документте “Кыргызалтын” ААКы 1 граммдан 1 килограммга чейинки аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды жеке жана юридикалык жактарга министрлер кабинети жана Улуттук банк аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алууга артыкчылык укугунан баш тарткан учурда гана сатууга укуктуу экени белгиленген.

Ошондой эле министрлер кабинети менен "Стандарт Фарм Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы фармацевтикалык каражаттарды таңгактоо жана фармацевтика комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу жактырылды. Инвестициялык долбоор 5 жылдын ичинде эки этап менен ишке ашырылат. Инвестициянын жалпы болжолдуу көлөмү 41 млн 200 миң АКШ долларын түзөт.

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Кеңеш айылынын аймагында жайгашкан жер тилкелерин индустриалдык-логистикалык борбор куруу максатында берүү (трансформациялоо) чечими кабыл алынды.

Кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу максатында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) чечими кабыл алынган.

Ал эми Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарынын аймагына ГЭС куруу максатында аталган аймакта жайгашкан жерлерди трансформациялоо чечими кабыл алынган. ГЭСтин кубаттуулугу 28 МВтка чейин жетет.

Мындан тышкары, социалдык-экономикалык объектилерди, ошондой эле турак жай объектилерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө чечим бекитилди. Бул токтомдун максаты жана милдети жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, спорттук, транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле калктын жашоосу жана ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу мейкиндик чөйрөсүн түзүү болуп саналат.

Жыйында ошондой эле салык салуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы чечимдердин пакетинин концепциясы жактырылды. Документ импортко шарттуу КНСти колдонууну тактоо, таза салык салуу жана киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө орточо айлык эмгек акыга карата талаптарды жеңилдетүү, мыйзамдардагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий