• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандык Бегимай Турусбекова орус сахнасын багындырууда

Маданият 0


Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Кыргызстандык Бегимай Турусбекова Москва шаарында өтүп жаткан "Царица" вокалдык долбооруна катышып, калыстардын жогорку баасына татыды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу кыргыз элим! Учурда Москва шаарында "Царица" аттуу вокалдык шоуга катышып жатам. Ата-энемди, бир туугандарымды, мени колдоп ар дайым жанымда жүргөн жолдошумду, анан дагы эң башкысы кыргыз жеримди, элимди уят кылбайын деп болгон күчүмдү жумшап жатам. Өз кызыңыздарды колдоп туруңуздар», - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, долбоордун катышуучулары тогуз жума бою вокал, бий жана актёрдук сабактар ​​боюнча таланттарын өркүндөтүп, фониатрлар, стилисттер жана имиджмейкерлер менен иштешип, шоу-бизнестин белгилүү жылдыздары менен жолугушат. Кыздар өздөрүнүн сахналык образын таап, дуэт ырдаганды үйрөнүп, форс-мажордук кырдаалдан чыгып, жаңы вокалдык ыкмаларды өздөштүрүшү керек.

Ар жума сайын отчёттук концерттин жыйынтыгы менен калыстар тобу долбоордон кимдер кетип, кимиси кыялына карай жолду улантаарын чечет. Залдагы көрүүчүлөр да кыздарга атайын пульттун жардамы менен өз бааларын беришет. Жалпысынан эң аз добуш алган катышуучу үйүнө кетет.

Эскерте кетсек, Бегимай Турусбекова Бишкектеги Ынтымак паркында караоке ырдап калың журттун катмарына таанылган.

Пикир

Оставить комментарий