• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ырчы Бегимай Бекбоева 32 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Ырчы Бегимай Бекбоева 32 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ырчынын сахналаш достору билдиришти.

Алардын айтуусуна таянсак, Бегимай Бекбоева 17-январда эрте менен Бишкекте оорудан кайтыш болгон. Артында үч жаштагы уулу калды.

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда туулган. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, актаруучу, апасы Жаңыл Кудайбергенова куудул, актриса.

“Кабар” маалымат агенттиги ырчынын жакын туугандарына, санаалаштарына жана сапарлаштырына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий