• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ырчы Гүлзинат Суранчиева музыкалык мектептин директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Маданият министри Түгөлбай Казаков ырчы Гүлзинат Суранчиеваны Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин директору кызматына дайындады.

Аталган маалыматты Маданият, маалымат жана турзим министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, музыкалык мектептин мурдагы жетекчиси Адылжан Абдуллаев пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан кеткен, 2017-жылдын август айында жаңы жетекчини дайындоо боюнча буйрук чыккан.

Гүлзинат Суранчиева - белгилүү ырчы, 2008-жылы Сочиде өткөн сынакта күйөрмандардын сүймөнчүгү байгесине ээ болгон, кесипкөй пиониначы катары эл аралык сынактын лауреаты.

Пикир

Оставить комментарий