• 87
  • 90.59
  • 0.87

Ыш адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет

Ден соолук 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Ыш адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатат:
- өпкөнүн сезгенүүсү;
- астма;
- бронхит;
- алсыроо жана баш оору;
- жүрөк-кан тамыр оорулары;
- бөйрөктүн жетишсиздиги;
- өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.

Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн да өтө кооптуу. Мындан улам ӨКМ жарандарды калк саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенүү керектигин белгилейт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын тогузу булганыч абадан дем алат. Жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.

Пикир

Оставить комментарий