• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө сел жүрдү

Аймак 0


Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөрдү каптаган.

Ошондой эле Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын бир нече көчөлөрүн жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары тартылууда.

Куткаруучулар тарабынан Бактуу-Долоноту айылынан 1 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий