• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ысык-Ата райондук электр тармактарынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын Ысык-Ата РЭТинин административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Энегетика министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Ата РЭТинин эки кабаттуу жаңы заманбап имараты 280 чарчы метрди түзүп, ичинде бардык талапка жооп берген шарттар түзүлгөн.

Административдик имарат жалпы 21 млн сом акча каражатына 6 ай ичинде курулуп бүткөн. Мекемеде мыкты шарттардын түзүлүшү менен райондогу керектөөчүлөрдү тейлөө сапаты да жогорулайт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Ата РЭТинин жаңы имаратын ачып жатып, акыркы үч жылда энергетиктер үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер алардын ишинин алдыга жүрүшүнө шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Эске салсак, Ысык-Ата РЭТинин административдик кеңсеси 1986-жылы курулган. Буга чейинки имараттын эскилиги жетип, жаңы имаратка муктаждык күч болуп келген. Учурда Ысык-Ата району боюнча 14 812 абонент бар, анын ичинен 944 өнөр жай жана 13 868 турмуш-тиричилик абоненттери.

Пикир

Оставить комментарий