Ысык-Ата районунда 125 үй-бүлөгө Курман айт майрамына карата эт таратылды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Кант шаарында аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кайрымдуулук акциясына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, кайрымдуулук иш-чарасы "Менар" коомдук фонду жана Европадагы IGMG Hasene International уюмунун колдоосу менен уюштурулган.

Анда Курман айт майрамына карата 125 үй-бүлөлөргө 3 жана 5 кг эт таратылды.

Кайрымдуулук акциясы "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды камтыды.

Жылдыз Полотова белгилегендей, майрам күндөрү курмандыкка чалынган малдын этин таратуу өзгөчө мааниге ээ, анткени көпчүлүк адамдар каржылык кыйынчылыктардан улам эт жана эт азыктарын көп колдоно алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий