• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июлда Ысык-Ата РИИБине арыз менен Ивановка айылынын тургуну 1996-жылы туулган Д.Ө. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү түнкү саат 01:30 чамасында белгисиз азиат улутундагы 20-25-жаштардагы адамдар Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылына жакын талаадан аны ур-токмокко алышып жанындагы 8 миң сом акчасын жана чөнтөк телефонун тартып алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Бул факт Ысык-Ата РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодксинин 207-беренесинин ("Каракчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү 2001-жылы туулган М.Ы. жана 2005-жылы туулган Б.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий