Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Ысык-Атада алыстан каттап окуган мектеп окуучуларына 4 автобус берилди.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан Ысык-Ата районундагы мектептерге алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн төрт кичи автобус бөлүнүп берилди.
"Автобустардын экөө райондун тоолуу аймагы болгон Ысык-Ата айыл өкмөтүнө, ал эми бирөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнө жана дагы бири Жээк айыл өкмөтүнө берилип, окуучуларды мектепке ташый баштады", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, күн мурун өкмөт тарабынан аймактарга бөлүнгөн мектеп автобустары окуучуларды ташый баштаганы айтылган.
Пикир
Оставить комментарий