Ысык-Атада абактан чыккан адамды муунтуп өлтүрүүгө шектелип анын эжеси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда абактан чыккан адамды муунтуп өлтүрүүгө шектелип анын эжеси кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 30-июнь күнү Ысык-Ата райондук милициясына Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан сөөктү кароо учурунда анын денесинде жаракаттар байкалган. Ал 36 жаштагы А.М. аттуу жаран экендиги такталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 39 жаштагы А.Т. аттуу бир тууган эжеси кармалган.

Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөргөн. Эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий