• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ысык-Атада машина-трактордук станция ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Ата районундагы Интернациональная айылында машина-трактордук станция ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Кубат Касейинов, Ысык-Ата районунун жана “Айыл банк” ААКнын өкүлдөрү катышты.

Учурда МТСтин карамагында 24 айыл чарба техникасы бар. 3 трактор, 4 комбайн, жана 17 айыл чарба техникалары бар. Алар Чүй облусунун бардык райондорунда дан эгиндерин, жүгөрү, кант кызылчасын жана тоют өсүмдүктөрүн айдап-себүү, жыйноого катышып келүүдө.

Аталган МТС мамлекеттин колдоосу аркылуу лизинг долбоорлору менен айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда машина-трактордук паркын толуктап жатат.

Белгилей кетсек, "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоору башталгандан бери 3 млрд 326 млн 460 миң сомго 1134 айыл чарба техникасы "Айыл Банк” аркылуу дыйкан-фермерлерге берилген.

Пикир

Оставить комментарий