Ысык-Атада оорукана оңдоодон өткөрүлдү – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, оорукананы оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Каржылоонун жалпы наркы 8 млн сомдон ашык сумманы түздү, бул мекеменин медициналык инфраструктурасын бир кыйла жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө гинекология, травматология жана реанимация бөлүмдөрү толугу менен жаңыланды. Ички жасалгалоо иштери аяктап, анын ичинде терезе-эшиктер алмаштырылды. Электр менен камсыздоо системасы толугу менен жаңыланды. Ошондой жаңы суу жылыткычтар, раковиналар, кондиционерлер, электр приборлору орнотулду.

Мындан тышкары, бейтаптар үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында хирургия жана соматика бөлүмдөрүнүн терезелерин толук алмаштырууга 811 миң 536 сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, “COVID-19 ыкчам чара көрүү” долбоору саламаттык сактоо системасын чыңдоого жана медициналык мекемелердин пандемияга даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Долбоордун максаты - Кыргызстандын өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий