• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ысык-Атада өрт өчүрүүчүлөр тактикалык окуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрт өчүрүүчүлөр тактикалык окуу өткөрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдыдагы кыш мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу иш мерчеминин негизинде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Ак-Сай айылынын Байбекова атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык окуу өткөргөн.

"Иш-чаранын жүрүшүндө, орто мектептин мугалимдерине жана окуучуларына өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн алдын алуу, тилсиз жоо катталган учурда көрүлө турган алгачкы аракеттер жана сактын чаралары тууралуу лекциялар окулду",-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий