• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ысык-Атада сууга түшүп кетиши мүмкүн болгон 3 жашар бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунда 3 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул туруалуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-августта саат 18:46лар чамасында райондук милицияга Дружба айылынын 3 жаштагы А.М. аттуу наристе үйүнөн чыгып кетип, табылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен А.М.ге таандык шлепка табылып, азыркы учурда Чүй обулусунун ИИББнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий