Ысык-Көл аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрь түнү саат 00:43тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий