• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттерин чет өлкөлүк жактарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга жеке менчикке берүүгө багытталган түзөтүүлөр каралган.

Ошону менен бирге, рекреация объекттери катары пайдаланылган жер участоктору КР министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга бериле тургандыгы белгиленген.

"Пляждык аймактарга кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө" КР президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 жарлыгына ылайык пляждык аймактарга кирүүгө эч кандай чектөөлөр коюлбайт.

Буга байланыштуу кабыл алынган мыйзамда пляждык зоналарга кирүү маселелерин жөнгө салган “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 9-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий