«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда кичи футбол боюнча майрамдык турнир өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун кызматкерлери 2022-жылдын 23-февралында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэрпорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык турнир Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган.

Турнирдин жыйынтыгында:

1-орунга Куткаруу жана өрт өчүрүү кызматынын командасы ээ болду (САСПОП);

2-орунду Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу кызматынын командасы ээледи (СОПАП);

3-орунга Авиациялык коопсуздук кызматынын командасы ээ болгон (САБ).

Пикир

Оставить комментарий