• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы түзүлүп, жетекчилиги дайындалды

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. “Чыгышэлектр” ААК кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКнын филиалы болуп "Ысык-Көл электр тармактар ишканасы" түзүлдү.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 12-августта «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмасбек Жумакадыров Ысык-Көл электр тармактарынын жамаатына ишкананын жаңы жетекчилигин тааныштырды.

Директорлор кеңешинин протоколунун жана «КУЭТ» ААКнын буйругунун негизинде Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жетектөөчү кызмат ордуларына төмөндөгүлөр дайындалды:

1. Паизов Азамат Мамазакирович - директор

2. Айкымбаев Темир Абдылдаевич - башкы инженер

3. Жороев Нурсултан Назарбекович - электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары

4. Тынаев Айдарбек Асанович - директордун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары

5. Шадыканов Болотбек Искендербекович - башкы инженердин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий