• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Ысык-Көл менен Томск облустары кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл менен Томск облустары кызматташат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусу менен Россиянын Томск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга онлайн режиминде кол коюлду.

Жолугушууда Ысык-Көл облусунун башчысы Уланбек Далиев жана Томск облусунун губернатору Владимир Мазур ар тармактуу кызматташуу, анын ичинде экономика, туризм, билим берүү жана экология боюнча тыгыз иш алып барууга даярдыгын ырасташты.

Белгиленгендей, меморандум эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, анын ичинде туризм, билим берүү жана маданий программалар, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча тажрыйба алмашууга багытталган.

Документ аймактар аралык мамилелердин жаңы этабын көрсөтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрү да айтылды.

Пикир

Оставить комментарий