• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көл облустук драма театры эл аралык фестивалда жеңүүчү аталды

Маданият 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин II эл аралык театралдык фестивалынын баш байгесин жеңип алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, театралдык фестиваль ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.

Күн мурун Кыргызстанга келген аталган фестивалдын жеңүүчүлөрүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жамааты тосуп алды.

Эскерте кетсек, аталган фестиваль 18-20-октябрь күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп, ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн театрлары катышкан. К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры фестивалга "Ак кеме" спектакли менен катышып, фестивалдын "Эң мыкты спектакль" номинациясынын баш байгесин (Гран-при) утуп алды.

Спектаклдин режиссёру Уланмырза Карыпбаев.

Пикир

Оставить комментарий