• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ысык-Көл жана Челябинск облустарынын ортосундагы туризмди өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-августунда Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана санаториялык-курорттук дем алууну уюштуруу боюнча КРнын Ысык-Көл облусу менен Россия Федерациясынын Челябинск облусунун ортосунда өткөн онлайн кеңешмеге катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, видеоконференцбайланыш форматындагы бул жолугушуу ушул жылдын апрель айында Челябинскиде өткөн эки аймактын башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болду.

Иш-чаранын алкагында КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенова, Челябинск облусунун экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Андрей Минченко, Башкы консул Руслан Бийбосунов жана эки облустун ден соолукту чыңдоо мекемелеринин өкүлдөрү катышып, туризм тармагын келечекте өнүктүрүү боюнча жана ошондой эле эки аймактын ортосунда түз аба каттамдарын уюштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Видеоконференциянын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү эки региондун курорттук мекемелеринин мүмкүнчүлүктѳрү менен тааныштырышты, маалыматтык турларды уюштуруу, профсоюздук линия аркылуу кызматташуу, курорттук мекемелердин, туристтик фирмалардын жана өнөр жай ишканаларынын ортосунда кызматташтык келишимдерин түзүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар пландаштырылган иш-чараларды андан ары иштеп чыгуу жана конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн өз ара консультацияларды улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий