Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору Самат Медеров, Байкоочу кенештин мүчөлөрү жана район, шаарлардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында жылдык планга район, шаарлардан келип түшкөн сунуштар боюнча толуктоолор киргизилди. Ошондой эле, облус боюнча тигүү фабрикаларын ачуу жана жаны жумуш орундарын түзүү багытындагы долбоорлор каралды.

Буга чейин Жети-Өгүз районунда 100 жана 300 орундуу эки, Түп районунда 300 орундуу бир ири кийим тигүү фабрикалары ачылган. Ал эми жакынкы күндөрү Ак-Суу районунун Жаны-Арык айылына 100 орундуу, Тон районунун Кажы-Сай айылына 100 орундуу, Ак-Өлөң айылына 55 орундуу, Бөкөнбаев айылына 200 орундуу тигүү цехтери ачылмакчы.

Ушундай эле ири тигүү фабрикаларын Ысык-Көл районунда, Балыкчы, Каракол шаарларында ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий