• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көл облусуна 6 айда 570,8 млн сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине жалпысынан 570,8 млн сом каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер катары 453,7 млн сом жана республикалык бюджеттен 117,1 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:

  • Теңдөөчү трансферттер – 117,2 млн сомго каржыланган;
  • Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 20,5 млн сом каржыланган;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 9,4 млн сомго каржыланган;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 1,9 млн сомго каржыланган;
  • Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 224,7 млн сом каржыланган.
  • Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин элекр энергиясына кеткен чыгымдарын каржылоого республикалык бюджеттен – 117,1 млн сом бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий