Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 45 миң 39 адам коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Чолпон Байзакова билдирди.
Анын айтымында, биринчи доза менен 67 миң 457 адам эмделген.
"Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. 5-апрелден 27-сентябрга чейин 1 доза менен 67 миң 457 адам эмделген, ал эми 2 доза менен 45 миң 39 адам эмдөөдөн өткөн", - деди Чолпон Байзакова.
Пикир
Оставить комментарий