Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтер орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтер орнотулууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомстводон Ысык-Көл электр тармактар ишканасы кардарларга сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр жарыгын берүү сапатын жогорулатып жаткандыгын маалымдашты.

"Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргеликтеги долбоордун экинчи этабынын алкагында Ысык-Көл электр тармактар ишканасына 8 миңден ашык акылдуу эсептегичтер келип түшкөн. Учурда аларды орнотуу иштери Балыкчы шаарында, Ак-Суу жана Түп райондорунда жигердүү жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, долбоордун биринчи этабынын алкагында Каракол жана Чолпон–Ата шаарларында 34 миң кардарга акылдуу эсептегич орнотулган.

Акылдуу эсептегичтердин башка эсептегичтерден негизги өзгөчөлүктөрү реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет жана электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет.

Долбоор техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталган .

Пикир

Оставить комментарий