Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда дээрлик 10 миң окуучу мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облуста 191 мектепте жалпы 96 миң окуучу билим алат. Ысык-Көлдө эки мектептен сырткары бардык окуу жайлар дистанттык түрдө билим берүүгө өтүшкөн.
59 окуучу окуган Ак-Шыйрак менен 13 окуучу билим алган Эңилчек мектеби салттуу негизде окутууну баштады.
Пикир
Оставить комментарий