• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда таңкы саат 06:10до Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Каракол айылынан батышка карай 6 км, Кара-Сай айылынан түштүк-батышка карай 45 км, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 73 км, Каракол шаарынан түштүк-батышка карай 140 жана Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 275 км аралыкта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген .

Пикир

Оставить комментарий