• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көл облусунда "Таза Ысык-Көл" аттуу масштабдуу экологиялык акция өтөт

Аймак 0

Бишкек, 26.05.23./Кабар/. Эртең, 27-майда Ысык-Көл облусунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан демилгеленген "Таза Ысык-Көл" аттуу масштабдуу экологиялык акция өтөт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкулдөрү жана бизнес-коомчулук катышат.

Акция жыл сайын 5-июнда өтө турган бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат. Бул жылы аталган эл аралык күн желимден (пластик) булгануу көйгөйүн чечүүгө арналган. Акция ошондой эле КР президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында жайкы туристтик сезон башталаар алдында өткөрүлүп жатат.

Иш-чара Ысык-Көлдүн желим калдыктар менен булганышына жана көлдүн биосфералык аймагынын экосистемасын сактоо зарылдыгына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий