• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көл облусунда желим баштыктарды колдонуу 30 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл биосфералык аймагында полимердик пленкадан жасалган желим баштыктарды колдонуу былтыркыга салыштырмалуу кескин төмөндөп, болжолдуу 30 пайызга азайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен пленкасынан жасалган баштыктарды сатууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча соода түйүндөрүнө эскертмелер берилүүдө.

"Чоң соода түйүндөр кагаз таңгактарын колдонууга өтүштү. Бирок полиэтилен баштыктарды сатып, ташып жана таратып жаткан ишкерлер бар, аларга чара көрүү иш-аракеттери жүргүзүүлүүдө”- деди Раимкулова.

Министрдин орун басары белгилегендей, учурда полимердик пленкадан жасалган каражаттарды Ысык-Көл облусунда жана башка региондордогу биосфералык аймактарда сатууга жана колдонууга тыюу салынган болсо, кабыл алынган мыйзамдын негизинде 2027-жылдан тартып республика боюнча өндүрүүгө, сатууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий