• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Ысык-Көл облусунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүп, жол боюна аялдамалар орнотулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Турбаза-Ананьево-Көк-Дөбө унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Планга ылайык, 3 чакырым жол оңдолмокчу. Бүгүнкү күндө 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү. Жол оңдоо иштери №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Ал эми Корумду айылындагы Үсейин Мамлеталиев атындагы көчөгө асфальт төшөө үчүн жолдун негизи даярдалды. Ошондой эле Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүп, пландалган 6,8 чакырым жолдун, 6,1 чакырымына асфальт төшөлүп, аз убакыттын ичинде ишке берилиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунун боюнда аялдамалар орнотулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий